Улан Сарбанов Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси болуп дайындалды

18 апреля 2023, 11:40

Улан Сарбанов Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу “Акчабар” редакциясына өздүк булактар ​​билдирди.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик өнүгүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец өзүнүн өтүнүчү менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун билдирген.

Улан Сарбанов бүгүнкү күнгө чейин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп келген.