Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматына жаңы жетекчи дайындалды

18 октября 2021, 15:32

Улан Сарбанов Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу "Акчабарга" өздүк булактар ​​билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын башчысы кызматын аркалап келген Арзыбек Кожошев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.