Улан Жамалидинов Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү болду
Улан Жамалидинов Улуттук банк башкармалыгынын мүчөсү болду. Бул тууралуу маалыматты “Акчабарга” Улуттук банк тастыктады.
Белгилүү болгондой, ал 2018-жылы банктар аралык процессинг борборунун төрагасы кызматын аркалап, акыркы жылдары Улуттук банкта банк ишин автоматташтыруу бөлүмүнүн башчысы болгон.
Жамалидинов Улуттук банк Башкармалыгында Нурланбек Сагындыковдун ордуна келди.