Уланбек Ногаев «РСК Банкты» жетектеди

15 февраля 2023, 11:52

"РСК Банк" ААК Башкармалыгынын курамында аткаруу органынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Алсак, директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын төрагасы Кадырбек Букуевдин ыйгарым укуктары токтотулду.

Анын ордуна Уланбек Ногаев дайындалып, ошол эле жыйында банктын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду.