Арзыбек Бурканов премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду

5 мая 2021, 09:20

Арзыбек Бурканов премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.

Белгилей кетсек, Арзыбек Бурканов эки айга жетпеген убакыт гана кеңешчи болду. Буга чейин ал Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.