Улукбек Марипов Лукашенко менен жолукту

28 мая 2021, 17:50

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек МариповКөзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн башка өкмөт башчылары менен бирге Беларусиянын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуу Минск шаарында КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында өттү.

Анда Александр Лукашенко өкмөт башчылар учурдагы маселелерди кылдаттык менен талкуулап, КМШ алкагындагы толук кандуу интеграция үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алышы керек деп баса белгиледи.

Делегациялардын башчылары Минск шаарындагы Жеңиш эстелигине гүлчамбар коюу аземине да катышты.