Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтпөй калды
Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион катышуучулардын жетишсиздигинен улам өтпөй калды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Белгилей кетсек, регулятор 12 айлык мөөнөттүү баалуу кагаздарды 60 млн сомго жайгаштырууну пландаган.