Улуттук банк 200 млн сомго кошумча мамлекеттик облигацияларды жайгаштырат

23 февраля 2020, 09:00

24-февраль, дүйшөмбү күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 5 жылдык казыналык облигацияларынын аукциондук эмес жайгаштыруусун өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында айтылат.

Эмиссиянын көлөмү 200 млн сомду түзөт. Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 10,6 пайызды түзөт. Бир баалуу кагаздын баасы 82,5 сом болот.

Кошумчалай кетсек, дүйшөмбү күнү Улуттук банк 50 млн сомдук 12 айылк мамлекеттик казыналык векселдерин жайгаштырууну өткөрөт. Векселдердин кирешелүүлүгү 6 пайызды, ал эми баалуу кагаздардын бир даанасы үчүн баа 94,28 сомду түзөт.