Улуттук банк: 28 күндүк ноталардын кирешеси 0.02% төмөндөгөн
Улуттук банктын 25-августта өткөн аукциондун жыйынтыгында 7-, 14- жана 28- күндүк баалуу кагаздардын кирешеси 3.97%, 4.22% жана 4.36% түзгөн. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.
19-августта өткөн аукционго салыштырмалуу 7 күндүк ноталардын пайыздык чени 0.01% жогорулап, 28 күндүк баалуу кагаздын пайыздык чени - 0.02% төмөндөгөн, ал эми 14 күндүкү өзгөрүүсүз бойдон турат.
Кошумчалай кетсек, ноталарды жайгаштыруунун эсебинен Улуттук банк 6.4 млрд сом тартууну көздөгөн.