Улуттук Банк 2 млрд сомго аукцион өткөрөт

4 марта 2020, 09:00

5-мартта Улуттук Банк «Айыл чарбасын каржылоо— 8» долбоор алкагында коммерциялык банктарды каржылоо максатында  аукцион өткөрөт. Бул тууралуу республиканын башкы регулятору билдирди.  

Маалыматка ылайык, аукционго 2 млрд сом коюлат. Коммерциялык банктарга 20 млн сомдон тарта 450 млн сомго чейин жылына 5 пайыздык чен менен берилет. 

Алынган каражаттарды банктар «Айыл чарбасын каржылоо— 8» программасынын негизинде 10% чен менен дыйкандарга жана фермерлерге насыя катары берет.