Улуттук банк баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөзөт

21 мая 2020, 09:45

Бүгүн, 21-майда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

 

 

Жүгүртүүнүн суммасы 50 млн сомду түзөт. 

Кошумчалай кетсек, 22-майда мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Эмиссиянын көлөмү 400 млн сомду түзөт.