Улуттук банк аукционсуз баалуу кагаздарды жайгаштырат

2 октября 2020, 17:00

Кыргызстандын Улуттук банкы 5-октябрда  беш жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды кошумча жайгаштырат. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат. 

Эмиссиянын жалпы көлөмү 500 млн сомду түзөт. 

Кошумчалай кетсек, 2-октябрда өткөн аукциондун жыйытыгында беш жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын кирешеси 10.91% түзгөн.