Улуттук банк 7.7 млрд сомго баалуу кагаздарды жайгаштырат

8 июня 2020, 17:00

Эртең, 9-июнда Улуттук банктын 7, 14, 28 жана 91 күндүк баалуу кагаздарын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат. 

 

 

Жалпысынан 7 млрд 700 млн сомго баалуу кагаздарды жайгаштыруу пландалууда: 7 күндүк 3.5 млрд сомго, 14 күндүк - 2 млрд сомго, 28 күндүк - 2 млрд сомго жана 91 күндүк - 200 млн сомго. 

 

Белгилей кетсек, андан сырткары Улуттук банк 11-июнда банктарды каржылоо максатында насыя 1 млрд сомго аукционун өткөрөт. Аукционго катышунун минималдуу суммасы - 20 млн сом, ал эми максималдуу суммасы - 150 млн сом болот. Банктарга 10% чен менен берилет.