Улуттук банк эки жаранга 35 миң сом айып пул салды

5 июня 2023, 12:52

Улуттук банк лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн кыргызстандык эки жаранга айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Маалыматка ылайык,  Улуттук банк "С.С.А., Ж.Т.Ж." аттуу жарандарга 17 500 сомдон айып пул салган.