Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5% деңгээлинде калтырды

27 мая 2020, 11:00

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5% деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги онлайн маалымат жыйыны учурунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

 

Ал эсептик ченде 5% деңгээлинде калтыруунун себебин айтып берди.

«Биринчи кезекте ал чечим, өлкөдө инфляциялык процесстер башталгандыктан кабыл алынды. Ушул жылдын апрель айында инфляция 8,6%ды түздү. Май айынын 15ине карата жылдык инфляциянын көрсөткүчү 7,5% болду. Ал нерселер учурда инфляциянын көтөрүлүшү бар экенин көрсөтүүдө», - деди ал.

Анын айтымында, Улуттук банктын божомолу боюнча экинчи жарым жылдыкта инфляция төмөндөйт.

«Апрель-май айында инфляциянын көтөрүлүшү коронавирустан улам азык-түлүк бааларынын жогорулашы менен байланыштуу болду. Аны менен катар ал жыл мезгилине байланыштуу болду. Себеби бизде жыл сайын жаз айларында жашылча-жемиштердин ж.б. баасы көтөрүлөт», - деди ал.