Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды

27 февраля 2024, 10:35

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу аталган банктын Коммуникация жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.

Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт.