Улуттук банк инфляциянын өсүшүн божомолдоодо

7 марта 2023, 13:50

Улуттук банк 2023-жылдын акырына карата инфляция боюнча божомолун кайра карап чыкты. Бул тууралуу көзөмөлдөөчү органдын маалыматында айтылат. 

Ага ылайык, быйыл биринчи чейректе инфляция 14,5%ды түзүп, төмөндөйт. Экинчи чейректе 11,5%, ал эми үчүнчүдө 10% төмөндөйт. Бирок, төртүнчү кварталдын аягында көрсөткүч жогорулашы мүмкүн. 

“Быйылкы жылдын аягында инфляция 10-12% деңгээлинде болушу күтүлүүдө. Мындай божомол мамлекеттик башкаруудагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын жогорулашынан улам кайра каралып чыкты. Учурдагы болжолдоодо бир катар коммуналдык кызматтардын тарифтеринин көтөрүлүшү, ошондой эле Бишкектин коомдук транспортунда жол кире кымбатташы мүмкүн болгон”, - деп айтылат маалыматта. 

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы Борбордук Азия чөлкөмүндө акыркы беш жылдагы орточо түшүмдүүлүк салыштырмалуу түрдө жакшы болору күтүлүүдө. Бул азык-түлүк бааларынын өсүшүн ооздуктоого жардам берет.

“Инфляциялык фон мамлекеттик органдардын жаңы тарифтерди кабыл алуу интенсивдүүлүгүнө, ошондой эле сомдун АКШ долларына карата курсунун динамикасына жараша түзүлөт”, - деп кошумчалайт Улуттук банк.