Улуттук банк он төртүнчү ирет интервенцияга чыкты

16 октября 2020, 09:20

Улуттук банк кезектеги интервенцияны жасады. Бул октябрь айындагы биринчи, ал эми жыл ичиндеги он төртүнчү интервенция. 

Бул ирет курстун абалын жакшыртуу үчүн регулятор 17 млн 100 миң доллар сатты. 

Кошумчалай кетсек, сентябрда Улуттук банк 44.9 млн доллар сатып, төрт интервенция жасаган. Алардын ичинен 29-сентябрда эң ири сумма - 27.9 млн доллар саткан.