Улуттук банк коммерциялык банктарды кайра каржылоого 1 млрд сом жайгаштырат

25 февраля 2020, 09:30

27-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө багытталган банктарды кайра каржылоо боюнча насыялык аукционун өткөрөт. Шарттары жана параметрлери төмөнкүдөй:

Насыянын мөөнөтү 6 айды түзөт. Аукционго кош каржылоо менен бекитилген коюм менен 1 млрд сомду жайгаштыруу пландалууда. Насыялык коюм- аукцион убагында турган учеттук коюм. Эске сала кетсек, бүгүн Улуттук банк 24-февралда кабыл алган учеттук коюм боюнча чечимин угузат.

Билдирүүнүн минималдуу баасы 20 млн сом, ал эми максималдуу көлөмү - 450 млн сом. Кайра каржылоонун шарттарына ылайык, акыркы карыз алуучу коммерциялык банктардын  чектөөчү номиналдык коюму 12 пайыздан ашпоосу керек.

Белгилей кетсек, аталган насыялык аукцион Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо үчүн 2020-жылы өткөрүлүп жаткан 4-аукцион болуп саналат.