Улуттук банк «Керемет Банктын» уставдык капиталындагы үлүшүн кеңейтти

13 января 2021, 11:30

Кыргызстандын Улуттук банкы «Керемет Банктын» уставдык капиталындагы үлүшүн, кошумча акциянын эсебинен кеңейтти. Бул тууралуу банктан маалымдашты. 

 

 

Уставдык капиталдын үлүшүн Улуттук банк 96.3% - 97.45% чейин жогорулатты. Улуттук банк 100 сомдук номиналдан 27 млн баалуу кагаздарды тарткан. Муну менен катар бүгүнкү күндө 8 млрд 477 млн 58.8 миң сомдук акция пакетине ээлик кылат. 

Кошумчалай кетсек, сатыктан түшкөн баалуу кагаздар «Керемет Банктын» уставдык капиталын жогорулатууга багытталат. Бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.