Улуттук банк кезектеги аукционду 26-мартта өткөрөт

24 марта 2020, 10:00

Кыргызстандын Улуттук банкы  «Айыл-чарбасын каржылоо - 8» долбооруна катышкан банктарды каржылоо максатында 26-мартта аукцион өткөрөт. 

Аукционго каржы министрлиги менен биргеликте жалпысынан 2 млрд сом жайгаштырылат. Минималдуу арыз 20 млн сом, максималдуу - 450 млн сом 5% менен берилет. 

Эске сала кетсек, бул «Айыл-чарбасын каржылоо - 8» долбоору алкагында коммерциялык банктарды каржылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан төртүнчү насыя аукциону.