Улуттук банк кезектеги концепцияны коомдук талкууга койот

5 февраля 2020, 11:30

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы Санариптик төлөмдүк технологияларын өнүктүрүү концепциясы тууралуу долбоорун коомдук талкууга коюуда. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында айтылат.

Ошондой эле Улуттук Банк коммерциялык банктардын банктык портфелдеринин экономикалык баалары канчалык деңгээлде пайыздык чендин тобокелине салынгандыгын аныктап, ликвидүүлүктүү жабуу коэффицентинин деңгээлине мониторинг жүргүзүү максатында Улуттук банктын башкармалыгынын «Улуттук Банктын кээ бир укук-ченемдик актыларына өзгөртүү киргизүү» жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга коюуда.

Долбоор ликвиддүүлүктүн ченемдерин эсептөө тартибин өзгөртүүнү (К3.К3.2) жана Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарды алардын санынын көрсөткүчтөрүнүн негизиндеги маанилүүлүгү тууралуу билдирүү боюнча ченемин киргизүүнү дагы карайт.