Улуттук банк коммерциялык банктарды каржылоо максатында аукцион өткөрөт

16 июня 2020, 10:30

Улуттук банк 19-июнда банктарды каржылоо максатында аукцион өткөрөт. Бул тууралуу регулятор билдирди. 

 

Аукциондо 1 млрд сом жайгаштыруу пландалууда. Арыздын минималдуу суммасы 20 млн сомдон башталып, 150 млн сомго чейин болот. 

Каражаттар пандемиянын терс көрүнүштөрүн азайтуу максатында ишкерчилик субъектилерди каржылоо үчүн жумшалат. 

Кошумчалай кетсек, коммерциялык банктарга 10% чен менен берилет.