Улуттук банк коммерциялык банктарга 250 млн сом насыя берди

11 июня 2020, 16:32

Улуттук банк, 11-июнда өткөзгөн аукциондун жыйынтыгында, коммерциялык банктарга  5 пайыздык чен менен 250 млн сом каражат которулду. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат. 

 

Кошумчалай кетсек, 12-июнда 2 жылдык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Жайгаштыруунун жалпы суммасы 200 млн сомду түзөт.