Улуттук банк кошумча 600 млн сом жайгаштырат
14-сентябрда Улуттук банк 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды кошумча жайгаштырат. Бул тууралуу регулятор маалымдады.
Эмиссиянын жалпы көлөмү 600 млн сомду түзөт. Баалуу кагаздардын кирешеси - 11.88% түзөт, баасы - 77.24 сом.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү аукциондун жыйынтыгында, баалуу кагаздардын кирешеси 11.88%га жеткен.