Улуттук банк алтын куймаларды биржага сата баштады

26 мая 2023, 10:41

Улуттук банк “Кыргызалтын” ишканасы тарабынан даярдалган, салмагы 10900 граммдан 13400 граммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын соода аянтында сата баштады.  

Маалыматка ылайык, бул Кыргызстандын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын чийки зат менен камсыздоо жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү арттыруу максатында ишке ашууда. 

Кыргыз фондулук биржасында аффинаждалган алтын куймаларын сатууга катышуу жана сатып алуу шарттары боюнча кеңири маалымат “КФБ” ЖАКтын расмий сайтында жайгаштырылган.