Улуттук банк Бишкектеги 3 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту

22 января 2020, 11:31

Улуттук банк Бишкектеги 3 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Мындай чечим Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын нормативдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, «Азамат КЭШ» Ломбард, «КЭШ Профи» жана «Наздин» ЖЧКнын лицензиялары токтотулду.