КР финансы системасы туруктуулугун сактап турат

23 марта 2020, 14:50

Бүгүнкү күндөгү коронавирус инфекциясынын жайылышы менен байланышкан чыныгы шарттарда Кыргыз Республикасынын финансы системасы тышкы факторлордун терс кесепеттерине каршы туруу жөндөмдүүлүгүн жана туруктуулугун сактап турат.  Бул тууралуу КР Улуттук банкы билдирди. 

2020-жылдын 1-мартына карата абал боюнча банк тутуму өздүк капиталдын жана ликвиддүүлүктүн ири запасына ээ. Банк тутуму боюнча ликвиддүүлүк коэффициенти 68,7 пайызды түзгөн (ченем боюнча 45,0 пайыз). Банк сектору боюнча суммардык капиталдын жетиштүүлүк коэффициенти (шайкештик) 22,7 пайызды түзгөн (ченем боюнча 12,0 пайыз). 

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал киргизилген шартта, банк жана төлөм системасы которуу жана төлөм операцияларын, эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды төлөм карттарына которуу жана аларды банкоматтар аркылуу алуу операцияларын үзгүлтүксүз ишке ашырылып жатат.  

Улуттук банк экономика чөйрөсүнүн жана калктын нак акчага муктаждыгын коммерциялык банктар аркылуу керектүү банкноттордун номиналдары жана монеталар менен толук көлөмдө жана өз убагында камсыз кылуу жагында үзгүлтүксүз иш алып барууну улантат.  

Коомдук жайларга, анын ичинде коммерциялык банктарга баруу зарылдыгы менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында, Улуттук банк товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү төлөө үчүн онлайн-сервистерди, нак эмес жана аралыктан эсептешүү формаларын, банктык төлөм карттарды колдонууну, аралыктан тейленүү кызматтарынан пайдаланууну (интернет-банкинг, мобилдик-банкинг, электрондук жана мобилдик тиркемелер), ошондой эле QR-коддорду жана электрондук акчаларды колдонууну сунуштайт.