Улуттук банк микрокредиттик компанияга 220 миң сом айып салды

29 декабря 2023, 10:00

Улуттук банк мыйзамдагы талаптарды бузгандыгы үчүн микрокредиттик компанияга  220 миң сом жалпы суммасында 4 айып пул салды. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, компания Кыргызстандын мыйзам талаптарын, анын ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузууга жол берген.