Улуттук Банк коммерциялык банктарды дагы 145 млн сомго каржылайт

6 февраля 2020, 17:30

Бүгүн, 6-февралда Улуттук Банк  өткөргөн  аукциондун  жыйынтыгында региондорду өнүктүрүүгө багытталган коммерциялык банктарды кайра каржылоо максатында жайгаштырылган каражаттардын көлөмү 145 млн сомго жетти.

Буга чейин «Акчабар» Улуттук Банк насыялык аукционго 4,5 пайыз жылдык  үстөк  менен 1 млрд сом жайгаштыра тургандыгы жөгүндө жазган. Банктын шарттары боюнча,  табыштаманын минималдуу көлөмү 20, ал эми максималдуу көлөмү 450 миллион сомду түзгөн.