Улуттук банк баалуу кагаздар аркылуу кошумча 240 млн сом тартат

19 декабря 2020, 12:45

21-декабрда Улуттук банк 10 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды аукциондон сырткары жайгаштырат. Бул тууралуу регулятор маалымдады. 

 

 

Эмиссиянын биргелешкен көлөмү 240 млн сомго бааланууда. 

Кошумчалай кетсек, 11-декабрда өткөн аукциондун жыйынтыгында 10 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешеси 10.5% түзгөн. Ал эми 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын ачык жайгаштыруу талаптын жоктугунан улам өткөн жок.