Улуттук банк эсептик ченди 5% деңгээлде сактап кала алды

1 декабря 2020, 10:45

30-ноябрда, Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди (негизги ставка) 5% деңгээлде калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу регулятор маалымдады. 

Тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана пайда болуп жаткан ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 5% деңгээлде сактап кала алды. Ошол эле учурда, акча-кредит саясатынын куралдары жалпысынан экономиканын реалдуу секторун стимулдаштырууга багытталат.

«Улуттук банк инфляцияга таасир эткен тышкы жана ички факторлорду дайыма баалап турат жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт. Кандай гана тобокелдиктер болбосун, Улуттук банк алардын кесепеттерин азайтуу үчүн жетиштүү инструменттерге ээ», - деп белгилейт Улуттук банк.