Улуттук банк санарип сомду ишке киргизүү ниетинде

21 апреля 2022, 12:45

Улуттук банкта санарип сом концепциясынын долбоору талкууланган тегерек стол өттү. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында маалымдалды.

Белгилүү болгондой, өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында, Экономика жана коммерция, Финансы жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда санарип сом концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. 

Анын жүрүшүндө санарип сом концепциясынын долбоорун иштеп чыгуунун негизги баскычтары, Кыргызстандын аймагында санарип сомду киргизүүнүн ыкмалары, санарип сомдун артыкчылыктары жана андан келип чыгуучу тобокелдиктер, санарип сомдун мамлекеттин финансы системасына жана өлкөнүн финансы рыногуна тийгизген таасиринин мүмкүн болгон варианттары, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн жана мамлекеттик бюджеттик каражаттарды алган/Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине төлөгөн адамдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу маселелери талкууланды.