Улуттук банк Таластагы каржылык кооперативдин лицензиясын жойду

30 ноября 2023, 11:00

Улуттук банк каржы кооперативдердин биринин лицензиясын жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Тактап айтканда, Талас шаарында 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан “Кредиттик союз ТЭМ” аттуу каржылык кооперативдин лицензиясы токтотулду. 

Жумушка уруксатты жокко чыгарууга 29-ноябрда жалпы чогулуштун катышуучуларынын өзүн-өзү жоюу жөнүндө чечими негиз болду.