Улуттук банк төлөм уюмуна 55 миң сом айып салды

4 апреля 2024, 17:24

Улуттук банк Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн төлөм уюмдардын бирине 55 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Мекеме Кыргызстандын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна айып пул салган.