Улуттук банк төлөм системасында көзөмөлдү күчөтөт

11 июля 2019, 11:39

Улуттук банк төлөм системаларын жөнгө салуучу мыйзамдарды кароодо. Кечээ тегерек үстөл уюштурулп, ага «Төлөм системасынын операторлорунун ассоциациясы»,  «Байланыш операторлорунун ассоциациясы», «Кыргызстандын банктар биримдиги»,  Мамлекеттик финансы чалгындоо кызматы менен коммерциялык бактар катышып, төлөм системасындагы өзгөртүүлөрдү  талкууга алышты.

Анда Кыргызстандагы төлөм системасындагы айрым маселер талкууга алынып:
- баштапкы капитал;
- абонеттердин эсептеринен акчаларды кайтаруу;
- төлөмдөргө кепилдик берүү;
- электрондук капчыктардын идентификациялообо;
- төлөм системасынын операторлору менен төлөм жасоочу уюмдарга лицензиялоо талаптары талкууга алынды. 

Тегерек үстөлдүн катышуучулары түшкөн сунуштарга карата мыйзамдарга өзгөртүү  киргизүү  менен төлөм системасындагы тобокелчиликтин алдын алууга чакырышты.