Улуттук банк валюта рыногун жөнгө сала алган жок. Доллар өз тенденциясын бекемдөөдө

24 сентября 2020, 15:00

Жакынкы күндөрдөгү валюта рыногунда курстун тез өзгөрүүсү, ушул жылдын март айындагы окуяларды эске салууда. Америка валютасынын курсу өнөктөш валюталардын рыноктогу абалынан көз каранды болуп турат. Бүгүнкү күндө доллардын Россия, Казакстан, Кыргызстандын акчаларына карата курсу өсүүдө. Кандай гана күн болбосун биз коңшу өлкөлөр менен байланыштабыз. Бул тууралуу «Акчабарга» «Альянс»  акча алмаштыруучу бюролор ассоциациясынын өкүлү Чыңгыз Бийлибаев билдирди.

 

Анын айтымында, доллардын жогорулашынын башкы себеби – бул тышкы экономиканын калыбына келиши менен, долларга болгон талаптын өсүүсү менен байланыштуу.

«Чек аралар ачылары менен, америка валютасынын курсу дагы дароо көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Эске сала кетсек, карантин убагында доллардын курсу стабилдүү болуп турган», — деп айтты Бийлибаев.  

 

Шайлоо алдында доллардын курсу түшөөрү божомолдонгон. Себеби үгүт компаниялар ири суммадагы валюталарды сомго алмаштыра башташмак. Бирок, мындай нерсе болгон жок, тескерисинче курс өсүп кетти.

«Жыл аягына чейин доллардын тагдыры кандай болуп өзгөрүлөрү белгисиз. Бирок, 80 сомдон дагы жогору болорунда шек жок. Кечээ, эртең менен Улуттук банк курстун абалын жакшыртуу үчүн 79.35 сомдон 11.2 млн доллар сатып, интервенция өткөрдү. Ошентсе деле маселе толук чечилген эмес. Себеби, азыркы учурда доллар 79.55 сомдон сатылып алынып, 79.75 сомдон сатылып жатат», — деп баса белгиледи Бийлибаев.

 

Эксперттин билдиргенине караганда, Улуттук банк жакынкы күндөрү рынокко кайрадан интервенция менен чыканга аргасыз.

«Бүгүнкү күндө 79.5-79.7 — коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу, бул реалдуу рыноктук курс. Доллардын 69.85 сом курсу эч качан кайра болбойт», — деп айтты Чыңгыз Бийлибаев.