Улуттук Банктын 14 жана 28 күндүк ноталарынын кирешелүүлүгү төмөндөгөн

21 июля 2020, 16:40

Улуттук банктын 21-июлда болуп өткөн ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгында, 7, 14 жана 28 күндүк ноталарынын орто өлчөмдөгү кирешелүүлүгү 3.98, 4.29, жана 4.46 пайызды түздү. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында айтылат.

Муну менен, 14-июлда өткөрүлгөн акыркы аукционго салыштырмалуу, 7 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0.08 пайызга өскөн, ал эми 14 жана 28 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0.01 жана 0.03 пайызга азайган.

Эске сала кетсек, баалуу кагаздарды 5.6 млрд сомго жайгаштыруу пландалып жаткан.