Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 48 тоннаны түздү
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 48 тоннаны түздү. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Анын айтымында, башкы каржы мекемесинде мурдагы көлөмгө өткөн жылы таза 3-4 тонна алтын кошулган.
Белгилеп кетсек, эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив.
Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат.