Улуттук банктын алтын куймасын сатып алгандар көбөйдү

25 октября 2023, 10:28

Кыргызстандыктар арасында Улуттук банктын алтын куймаларына суроо-талап өсүүдө.  Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 125,2 кг салмактагы алтын куймалары 746 млн сомго сатылган.

“Улуттук банк да өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алууда, өткөн жылы 245 млн сомго 44,6 кг сатылып алынган”, - деп кошумчалады ал.