Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгү жогорулады

6 апреля 2022, 14:45

Кечээ, 5-апрелде Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрдү. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында маалымдалды.

Аукциондордун жыйынтыгында жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 13,21%, 13,35% жана 13,73%ды түздү. Ал эми 29-марттагы жайгаштыруунын жыйынтыгы менен салыштырганда бардык ноталардын кирешелүүлүгү, 7 күндүк баалуу кагаздар 0,04%га, 14 күндүк баалуу кагаздар 0,03%га, 28 күндүк баалуу кагаздар 0,14%га жогорулады.

Эске салсак, 5-апрелдеги аукциондо Улуттук банк банк системасынан 2,2 млрд сом ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаган.