Улуттук банкынын төрагасы АКШда Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү менен жолугушту

28 апреля 2022, 17:58

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев АКШга жасаган иш сапарынын алкагында Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү менен бир катар жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында маалымдалды.

Бөкөнтаев Эл аралык валюта фондунда Кыргызстандын атынан башкаруучу катары 18-апрелден тартып 24-апрелге чейин АКШнын Вашингтон шаарында болуп өткөн Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жазгы жыйынына катышты. 

Жазгы жыйындын алкагында Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин тескөөчү директору Кристалина Георгиева, тескөөчү директордун орун басары Бо Ли, ошондой эле Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Т.Йордан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде ЭВФ жана Швейцариянын Улуттук банкы ортосунда мындан ары кызматташуу жана өз ара иш алып баруу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.