Биринчи жолу Улуттук энергохолдингдин  9 ишканасынын бириккен отчету чыкты

22 февраля 2020, 12:00

2019-жылы Улуттук энергохолдинг, 9 бөлүштүрүүчү ишкананын жыйынтыкталган отчетун жасаган. Бул тууралуу 21-февралда маалымат жыйында Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 9 ишкананын тең бириккен отчету болгон эмес, эми аны бир эле отчетто көрүүгө болот. Экономисттер менен финансисттер чоң иш кылышты, деп белгиледи ал.

«Бөлүштүрүүчү 9 ишкананын ичинен жетөөсү киреше менен, ал эми экөөсү чыгаша менен чыкты. Эске сала кетсем, былтыр 2 ишкана гана киреше менен жыйынтыктаган»,-деди ал.

Маалыматка ылайык, бөлүштүрүүчү ишканалардын жалпы кирешеси 150 млн сомду түзгөн.