КР Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун бюджетинин чыгымдары 10 млн сомдон ашты

3 марта 2020, 14:30

Республикалык бюджеттин 2019-жылдагы ведомстволук классификациясы боюнча кассалык чыгымдары 136 млрд 253.8 млн сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Борборлук казыналыгынын маалыматтарында айтылат.

Анын ичинде Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институнун бир жыл ичиндеги чыгымдары 13.7 млн сомду түздү, анын ичинен 10,6 млн сом айлык маяналарга сарпталган.

Былтыркы жылы коммуналдык кызматтарга 775 миң сом коротулган.

Ведомствонун аталышы

КР Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту

Сумма (миң сом)

13 706

Айлык акы

10 608

Мүчөлүк акы/ социалдык төгүмдөр

1 829.9

Товарларды жана кызматтарды колдонуу

473.6

Товарларды жана кызматтарды сатып алуу

19.5

Коммуналдык кызматтар

775