7 жылда ЕАЭБдин улуттук валюталар менен соода жүгүртүүсү 11% жогорулады

1 февраля 2021, 10:30

Акыркы жети жылдын жыйынтыгына ылайык, улуттук валютадагы төлөмдөрдүн көлөмү 11% жогорулаган. Тагырагы 2013-жылы бул көрсөткүч 63% түзсө, 2019-жылдын жыйынтыгына ылайык, 74% түзгөн. Бул тууралуу Евразяи экономикалык комиссиянын сайтында маалымдалат. 

 

Белгиленгендей, соодада теңге активдүү түрдө колдонулууда, өзгөчө Кыргызстан менен болгон алакада. Эгерде 2013-жылы Казакстан менен болгон бирдиктүү соодада теңгенин үлүшү 15% түзсө, 2019-жылы 19% жеткен. Россия жана Казакстан менен болгон соодада теңгенин үлүшү 5% түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 2% жогорулаган. 

 

Кошумчалай кетсек, акыркы 7 жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дуйнөлүк соодадагы ролу өзгөргөн эмес. Ири соодадагы үлүшү мурункудай эле 2% түзүүдө.