Улуттук валютада берилген насыя - 4.75% төмөндөдү

27 октября 2020, 15:20

Кыргызстанда январдан августка чейин улуттук валютада берилген насыялардын пайыздык чени төмөндөгөнү байкалууда. Бул тууралуу регулятор билдирди. 

Америка валютасы менен  апрель-май айларында эң төмөн  9.45% жана 9.49% чен менен насыя берилген.

АКШ валютасындагы пайыздык чен туруксуз бойдон калууда.

Белгилей кетсек, ошол эле учурда, өнөр жай, байланыш, сатып алуулар жана кайра иштетүү тармактарында сом менен берилген насыялардын ставкалары тиешелүүлүгүнө жараша 1,3%, 0,65% жана 4,05% жогорулаган. Соода жана коммерциялык операциялар секторунда АКШ валютасында 0,9% га жана «Башкалар» категориясында - 1,62% га өскөн.