Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 миң сомдон берилет

16 апреля 2024, 16:56

9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20,4 миң сомдон алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Жалпысынан 637 адамга 9 млн 934 миң сом бир жолку акчалай жөлөк пул берилет.

Аны төмөнкүлөр алышат:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам — 20 миң 600 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 23 адам — 20 миң 400 сом;
  • концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары  – 8 адам — 20 миң 400 сом;
  • “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар – 11 адам — 20 миң 400 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлери — 1 адам – 15 миң 200 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 589 адам — 15 миң 100 сом өлчөмүндө.