«Унаа» ишканасынын дагы 6 бөлүмү 19-июлга чейин карантинге жабылат

7 июля 2020, 14:15

Элдин топтолушун чектөө жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында «Унаа» ишканасынын Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Жумгалдагы бөлүмдөрү 19-июлга карантинге жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

 

Каттоо кызматынан билдиришкендей, эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганына байланыштуу «Унаа» ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү 6-июлдан тартып 19-июлга чейин карантинге жабылган.

«Андан тышкары, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Аймактар аралык секторунун («Риом» авторыногу) иш күндөрү кыскартылып, ал ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштейт», - деп билдирет Каттоо кызматы.

«Унаа» ишканасынын иши боюнча маалымат жана кеңештерди алуу үчүн 0312633174 жана 0312633931 номерлерине кайрылууга болот.