«Унаа» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи келди

24 февраля 2020, 11:35

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп Марат Пирназаров дайындылды. Маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы тастыктады.

Пирназаров эки жылдан бери Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Алымжан Козубаев 13-феварлда кызматтан алынган.

Январь айынын соңунда Коопсуздук кеңеши «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Алымжан Козубаевди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жиберген.