«Унаа» мамлекеттик мекемеси агенттик болуп өзгөртүлөт

26 сентября 2023, 09:15

“Унаа” мамлекеттик мекемеси агенттик болуп өзгөртүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана агенттик болуп өзгөртүлгөндөн кийин Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо анын өзүнүн автомектептери ачылып, машинанын түрлөрүн айдоону окутуп үйрөтөт.

Кыргызстанда автоунааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү менен алектенген “Унаа” мамлекеттик мекемеси 2018-жылы негизделген.